Бугу 18, 2024
Убакыт: 14:47
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Баткенде 54 жаштагы аял дайынсыз болууда

07.09.2022 15:32
534
Баткенде 54 жаштагы аял дайынсыз болууда


Баткенде 54 жаштагы аял дайынсыз болууда. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.


Баткен районунун Самаркандек айылынын 51 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал өзүнүн арызында анын эжеси 1968-жылы туулган Мурзалиева Батма Назаркуловна Баткен районунун Самаркандек айылындагы өзүнүн үйүнөн 2022-жылдын 29-август күнү чыгып кеткен бойдон жүргөн жери дайынсыз деп кайрылган.


Белгилери: бою 150-155см, кашы, көзү кара түстө, чачы кыска, кара тору жүздүү, акыл-эси соо.

Үйдөн кандай кийимде чыгып кеткендиги белгисиз.  


"Эгерде төмөндөгү сүрөттөгү аялды көрүп билгендер болсо, Баткен  РИИБнин байланыш номерлерине кабарлап коюуңуздарды суранабыз.

Байланыш номерлер: (03622) 102, 5-17-56, уюлдук тел: 0774 77 86 88, 0554 22 00 74",- деп айтылат маалыматта 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн