Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 09:12
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Баткенде 7 "Спринтер" жогорку класстын окуучулары ата-энесинин коштоосуз Ошко бара жатканы аныкталды

06.05.2022 21:35
952
Баткенде 7 "Спринтер" жогорку класстын окуучулары ата-энесинин коштоосуз Ошко бара жатканы аныкталды

Баткенде мектеп окуучулары коштоосуз бара жаткан 7 автобус кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.


       Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагынын Развилка айылына коюлган өткөрмө посттон бүгүн эрте мененки саат 8дерде чамасында мектеп окуучуларын коштоп жүргөн мугалими же ата-энеси жок 7 жүргүнчү ташыган Спринтер үлгүсүндөгү унаа токтотулган.


       Текшерүү иштеринин жүрүшүндө бул 7 автобуста жалпысынан чоң класстын 102 мектеп окуучулары болгон. Тактап айтканда Лейлек, Баткен райондорундагы жана Сүлүктү, Баткен шаарларындагы орто мектептин окуучулары. Бул окуучулар алмаштыруучу ата-энеси же мугалимдери жок өз алдынча Ош шаарына санариптик билим алуу боюнча долбоордун алкагында 3күндүк семинарга жөнөшкөн. 


       Майрам күндөрү коомдук коопсуздукту сактоо жарандардын коопсуздугун көзөмөлдөө, ошондой эле жаш өспүрүмдөрдүн көзөмөлсүз өз алдынча тоого, пикниктерге эс алганы чыгуусуна тыюу салуу боюнча Баткен ОИИБдин начальниги милициянын полковниги Мурат Бороновтун атайын Тескемеси чыгып, бул тыюу салынган нерселер боюнча жергиликтүү тургундарга милициянын участкалык уполномоченныйлары жана балдар менен иштөө инспекторлору жеткирген.

       Ошентсе да Баткен районунун орто мектебинин 11-класссынын 28 окуучусу өз алдынча Спринтер жалдап, Кадамжай районуна эс алганы жөнөгөндүгү аныкталып, такталып жыйынтыгында 28 ата-энеге Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 74-беренесинин (Балдардын ден соолугуна, дене-бойлук, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын бузуу) жана 102-беренесинин (Ата-энелик милдеттерден качуу) негизинде  протоколдор толтурулуп, айып пулдар салынды.  



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн