Бугу 06, 2024
Убакыт: 11:52
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Баткенде 8 жаштагы балага кокустан ок атылып кетти

08.08.2022 12:57
424
Баткенде 8 жаштагы балага кокустан ок атылып кетти
Баткен районунда чек арачынын куралынан ок тийген сегиз жаштагы жеткинчектин абалы оор. Бул тууралуу 8-августта Баткен районунун акимчилигинен кабарлашты. Жабыркаган бала учурда Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Окуя 7-августта кечинде Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен аймактагы Миң-Өрүк айылында болгон. Алдын ала маалыматта 19 жаштагы жергиликтүү тургун чек арачылардын жанына келип, куралды кармап көрөм деп колуна алганы айтылат. Ошол маалда курал атылып кетип, ок жанында турган сегиз жаштагы баланын жамбашына тийип, омурткасын да жабыркаткан.

Өспүрүм 7-август күнү кечинде облустук ооруканага жеткирилген.



Булак: "Азаттык"

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн