Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 15:36
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Баткенде 94 жаштагы аксакалга жардам көрсөтүлдү

19.10.2020 13:43
837
Баткенде 94 жаштагы аксакалга жардам көрсөтүлдү

Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов улгайган жарандарга кам көрүү максатында Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Бел айылынын 1923-жылы туулган тургуну Гаффор Тупчиевдин абалын сурап, үйүнө зыярат кылды. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, зыярат иш-чарасына Кызыл-Бел айылынын имам хатиби Кудрет кары Кадыров катышып, аксакал өз башынан өткөн окуялар туурасында баяндап берди. Облус казысы казыяттын атынан 2000 сом акчалай жана азык түлүктөрдү тапшырып, аксакалдын батасын алды.

«Элибизде “Карысы бардын ырысы бар”, “Карынын кебин капка сал!” деген макал сөздөр жөн жеринен айтылып калбаса керек. Себеби, ак сакалдуу аталардын акылы туңгуюктан жол таап, келечекти көрө билүүсү менен жаш муундарды туура жолго тарбиялап келишкен. Ушул өндүү көп жашап, көптү көргөн 94 жашка чыккан карылар эл ичинде саналуу гана. Сизге Алла Таалам ден-соолук, амандык берсин»,- деди Пазыл ажы Султанмуратов.

Гаффор Тупчиевдин төрт уулу, төрт кызы бар. Учурда уулдары мамлекеттик кызматтарда эмгектенип келет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн