Чын курандын 15, 2025
Убакыт: 13:39
USD
87.40
87.80
EUR
98.80
99.80
RUB
1.035
1.085

Баткенде Ноорузга карата милициянын саптык кароосу өттү

18.03.2022 12:21
721
Баткенде Ноорузга карата милициянын саптык кароосу өттү

Нооруз майрамына карата Баткенде гарнизондук кароо болуп өттү.  Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы кабарлады.


Баткен шаарында бүгүн Нооруз майрамына карата Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов гарнизондук кароо өткөрдү. Гарнизондук кароого Баткен ОИИБнын, Баткен шаар-райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн өздүк курамы, КР ИИМнин 707 ички аскерлер бөлүгүнүн кызматкерлери жана КР ИИМнин атайын багыттагы полкунун Баткен облусундагы ротасынын күжүрмөн кызматкерлери, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери ошондой эле кинология кызматы катышты.


Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов катарда тизилип турган ИИОнун кызматкерлерин келе жаткан Нооруз майрамы менен куттуктады. “Өлкөбүздө туруктуулук сакталып, алдыга карай кадам таштоого шарттар түзүлүп жатат, ошондуктан ар бирибиз кызматыбызга ак ниет менен мамиле жасоого милдеттүүбүз. Нооруз майрамын утурлай ар бириңиздерди куттуктаймын”.


Саптык катарга тизилген ар бир кызматкердин жазгы кийимдери текшерилип, саптык кароо болуп өттү.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн