Теке 28, 2025
Убакыт: 06:32
USD
87.20
87.70
EUR
101.90
102.90
RUB
1.090
1.130

Баткенде Тажикстан менен эки өлкөнүн аймагына өтүп кеткен малдар алмаштырылды

13.01.2022 15:54
1000
Баткенде Тажикстан менен эки өлкөнүн аймагына өтүп кеткен малдар алмаштырылды

Эки өлкөнүн ортосундагы жоголгон малдар кайтарылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.


Баткен районунун Ак-Сай айылы менен чектешкен Тажик республикасынын Исфара районунун Ворух анклавы чектеш болгондуктан эки элдин мал-жандыктары чек арадан өтүп кетип жүргөн.


Баткен РИИБнин жетекчилиги менен Исфара РИИБнин жетекчилиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 2022-жылдын 12-январь күнү кыргыз тараптан жоголгон 2 баш ийри мүйүздүү жана 4 баш эчки, ал эми тажик тараптан 9 баш койду кайтарып алышкан. Кайтарылып алынган малдар өз ээлерине кайтарылып берилди.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн