Бугу 18, 2024
Убакыт: 20:51
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Баткенде Тажикстандан мыйзамсыз түрдө алынып келген 2 млн 750 миң доллар аныкталды

Баткенде Тажикстандан мыйзамсыз түрдө алынып келген 2 млн 750 миң доллар аныкталды

Баткенде Тажикстандан контрабандалык жол менен кирген 2 млн 750 миң доллар алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен  билдиришти.


Маалыматка ылайык, 5-октябрда Кара-Бак айылынын 41 жаштагы Т.А.М аттуу тургуну башкаруусундагы Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Унааны тинтүү учурунда желим баштыктарга таңгакталып алты брикет жана Тажикстандан контрабандалык жол менен кирген 2 млн 750 миң доллар табылып алынган.


Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын алкагында мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар болушу мүмкүн болгон Кыргызстандын төрт жараны кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына камалды.


Топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 4-бөлүмүндө (“Экономикалык контрабанда”) каралган кылмыштын негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери козголгон.


Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө жана ыкчам аракеттер көрүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн