Бугу 19, 2024
Убакыт: 08:14
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Баткенде Тажикстанга контрабандалык жүк ташып бара жаткан жарандар кармалды

Баткенде Тажикстанга контрабандалык жүк ташып бара жаткан жарандар кармалды

Минералдык жер семирткичтерди контрабандалык жол менен ташыгандар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

 

 Маалыматка ылайык,   2023-жылдын 1-январында КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан контрабандага каршы күрөшүүнүн жүрүшүндө, УКМК чек ара кызматы менен биргеликте, түнкү убакта Баткен облусунун Баткен районунун Үч-Дөбө айылынын аймагынан, Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Исфара районунун Хожа-Ало чек ара айылына мыйзамсыз түрдө минералдык жер семирткичтерди ташып келүү аракети токтотулду.


   Кыргыз Республикасынын 1994-ж.т. К.М.Д., жана 1994-ж.т. А.У.М. аттуу жарандары, мамлекеттик номери S 9432 S «Ауди 100» маркасындагы автомашинаны пайдаланып, Тажикстан Республикасынын аймагына контрабанда каналын түзүүгө аракет кылып, жакынкы чек ара аймагы аркылуу аз сандагы жүктөрдү ташууну көздөшкөн.



  Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы менен жогоруда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын мыйзамсыз иш-аракеттери документтештирилди. Автоунаа жана 7 кап селитра көлөмүндөгү жүк токтотулуп, жоопту сактоочу жайга коюлган.

   Бул факты боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн