Бугу 07, 2024
Убакыт: 10:18
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Баткенде ата-бабаларды эскерүү иш-чарасы өттү

05.11.2021 11:49
794
Баткенде ата-бабаларды эскерүү иш-чарасы өттү


Ата-бабаларыбыздын басып өткөн жолуна тарыхый баа берүү, алардын​ элесине таазим этүү максатында жыл сайын белгиленүүчү “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнүн урматына Баткенде эскерүү иш-чарасы болуп өттү.  Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар билдирди.


Иш-чаранын жүрүшүндө КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А. Алимбаев, Баткен районунун акими У. Жоробаев жана облустук, райондук мекеме ишканалардын жетекчилери Кыргыз мамлекетинин түптөлөшүнө өмүрүн арнаган, Улуу инсандар Исхак Раззаков, Абдыкадыр Орозбеков, Мурат Салихов, Абсамат Масалиевдердин эстелигине гүл чамбарларды коюшту.


Эскерүү иш-чарасында кыргыз элинин басып өткөн жолуна, тарыхтагы урунттуу окуяларга тарыхый баа берилип, кыргыз эли ата-бабаны урматтаган, барктап, даңктаган эл болгондугу айтылып, элибиздин бай тарыхын, маданиятын келечек муундарга жеткирүү парз экендиги белгиленди.


Соңунда Кыргыз мамлекетинин жаркын келечеги үчүн күрөшкөн ата- бабаларыбыздын элесине жана тарыхий окуялардын курмандыктарына арнап куран окулуп бата кылынды.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Жусупова
Жакшы отуптур эн бир соонун, ошондой иш чаралар тез тез отуп турса