Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 10:20
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Баткенде аткезчилик менен алектенген жаран кармалды

25.11.2022 14:08
667
Баткенде аткезчилик менен алектенген жаран кармалды

Баткен районундагы чек арга жакын айылда аткезчилик менен алектенген жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы маалымдады.


 Баткен РИИБдин Кара-Бак айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери 25-ноябрь күнү саат 10:30 чамасында Кара-Бак айыл аймагынын Кара-Бак айылынан чыгып келе жаткан “БМВ-520” үлгүсүндөгү унааны текшерүү максатында токтотууга аракет жасашкан.


Бирок милиция кызматкерлеринин талабына баш ийбестен, унааны токтотпостон айдоочу качып, Баткен шаарынын аймагынан кармалган. Андан соң унаасы Баткен РИИБдин короосуна киргизилген. Унааны текшерген учурда 6 чоң капка салынган ар биринде 500 даанадан жалпы 3000 күнүмдүк турмушта керектелүүчү каптар табылган.

Бул каптарды каяктан чыккандыгын сураган учурда коңшулаш Тажикстандан чыккандыгын айтып, аткезчилик жол менен алып келгенин билдирген. Айдоочунун өздүгүн тактоо учурунда ал Баткен районунун тургуну 1983-жылы туулган Н.Ж. экени аныкталды. 


Аталган факт Баткен РИИБде катталып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн