Аяк оона 17, 2024
Убакыт: 01:49
USD
84.40
84.90
EUR
93.20
94.20
RUB
0.915
0.960

Баткенде аткезчилик менен алынып бараткан 1 млн сомдук жүк кармалды (фото)

05.06.2020 14:50
1128
Баткенде аткезчилик менен алынып бараткан 1 млн сомдук жүк кармалды (фото)

Баткен облусунда аткезчилик жол менен ташылып келген 1 091 000 сомдук товар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, Баткендин Зарташ айылында Т.Ж. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы “Мерседес Спринтер” үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Аны текшерүү учурунда коңшу өлкөдөн мыйзамсыз ташылып келе жаткан 59 000 метр алюминий зым табылган. Экспертизанын берген кортундусуна ылайык, кармалган товардын орточо базар баасы 531 000 сомду түзөт.


Мындан сырткары, Кадамжай районуна караштуу Пүлгөн айылында О.А.Г. аттуу адамдын Мерседес Спринтер үлгүсүндөгү унаасы текшерилген. Анын ичинен дагы башка мамлекеттен ташылып келе жаткан 70 000 метр алюминий зым табылган. Кармалган товардын орточо базар баасы 560 000 сомду түзөрү айтылат.

Аталган фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, матералдар тергөөгө өткөрүлүп берилген.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн