Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 02:33
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Баткенде аткезчиликке каршы күрөш күчөтүлөт

02.03.2021 11:13
1376
Баткенде аткезчиликке каршы күрөш күчөтүлөт

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев облустун күч түзүмдөрүнүн, салык, бажы, экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү ызматынын жетекчилеринин катышуусунда кеңешме өткөрдү.


Облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, кеңешмеде аткезчиликке каршы күрөшүү, анын себептерин жоюу үстүндө иштөө менен бөгөт коюу маселеси каралды.

Облус башчысы биринчи кезекте чек арадагы аткезчилик тобокелчилиги бар аймактарда, тийиштүү структуралардын кызматкерлеринен түзүлгөн мобилдүү топтордун ишин жандандырууну тапшырды.

Мобилдүү топтор Баткен облусу аркылуу өтүп жаткан оор жүк ташуучу унааларды көзөмөлгө алып, мониторинг жүргүзөт.

Ошол эле учурда ыйгарым укуктуу өкүл Баткен облусунан транзит аркылуу мыйзам чегинде кошуна мамлекеттерге өтүп жаткан оор жүк ташуучу унааларга да мониторинг жүргүзүп, натыйжада өтүп жаткан жүктөрдүн мыйзамдуулугун аныктоо, тактоо менен, мыйзамсыз иш аракеттерге токтоосуз чара көрүү мезгили келип жеткендигин айтты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн