Бугу 19, 2024
Убакыт: 12:44
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Баткенде аялдардын эл аралык майрамына карата айым милиция кызматкерлери сыйланды (фото)

07.03.2022 12:01
734
Баткенде аялдардын эл аралык майрамына карата айым милиция кызматкерлери сыйланды (фото)


Бүгүн Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов Баткен облусундагы ИИОнун аялдар жамаатын ошондой эле милиция айымдарды 8-март Эл аралык аялдар майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы "Медиа-центр" маалымат агенттигине билдирди.


Кыргыз Республикасынын ИИМнин жана Баткен ОИИБнын сыйлыктарын тапшыруу аземинде Башкармалыктын начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов жылуу каалоо тилектерин айтып, катарда тизилип турган айымдарга баалуу белектерди тапшырды.


Жыйындын соңунда “Милиция кызматынын ар кандай оор түйшүктөрүн, күжүрмөн эмгегин аркалап келе жаткан кызматкерлердин арасында эр азаматтардан кем калышпай, алардын катарында жарашыктуу милициянын кийимдерин кийген, ыйык Мекен алдында ант берген кыз-келиндерибиз менен биз сыймыктанабыз. Кыргыз тукумун улаган энесиздер! Сиздердин ар бириңиздердин өлкөгө кошуп жаткан салымыңыздар зор. Сиздерге узак өмүр, бак-таалай жана ийгиликтерди каалайм Ааламдагы бардык сулуулук, улуулук, аруулук, тазалык аялзатында. Кымбаттуу, сымбаттуу апалар, эже-сиңдилер, айымдар, кыздар, майрамыңыздар кут болсун” деп куттуктап кетти.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн