Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 06:00
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Баткенде чек ара чатагында талкаланган 160 үй сүрдүрүлдү

03.10.2022 15:52
781
Баткенде чек ара чатагында талкаланган 160 үй сүрдүрүлдү


Баткен районунун Тажикстан менен болгон чек арасындагы куралдуу кагылышуудан кийин калыбына келтирүү иштери уланууда. Үстүбүздөгү жылдын 3-октябрында 160 талкаланган үй сүрдүрүлдү, деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.


Комиссия кыйраган 640 үйдү аныктады, анын 423ү калыбына келтирилүүгө жатпайт, дагы 217си оңдоого муктаж.


Ошондой эле, 11 административдик-стратегиялык объект, 27 социалдык объект, 335 коммуналдык бөлмө, 197 коммуналдык объект, автокөпүрө талкаланып, 61 автоунаа талкаланган.


Баткен облусунун эвакуацияланган 136 миң 770 тургунунун 125 миңи үйлөрүнө кайтып келди. Турак жайсыз калгандар үчүн убактылуу турак-жай — 8 мекемеде 64 бөлмө жана жергиликтүү тургундардын 218 үйү уюштурулган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн