Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 13:27
USD
86.55
86.85
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Баткенде чек арадагы жабыркаган жана каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүлөт

20.09.2022 15:07
702
Баткенде чек арадагы жабыркаган жана каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүлөт

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан шейит кеткендердин үй-бүлөлөрүнө жана жабыркагандарга бир жолку материалдык жардам көрсөтүү боюнча иштер жүрүүдө. Бул тууралуу  эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев билдирди.


Анын айтымында, учурда төлөмдөрдү бөлүү жана өлчөмүн аныктоо боюнча бардык тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.


Мындан тышкары, жабырлануучулардын балдарын Ысык-Көлдөгү “Алтын балалык” реаблитациялык борборуна жана Ош облусундагы лагерлерге жөнөтүү боюнча иштер аткарылып жатат.


Ошондой эле жарандарга төлөнүүчү социалдык жөлөк пулдарды үзгүлтүккө учуратпай, өз убагында төлөө максатында “РСК банк” жана “Айыл банк” менен тыгыз иштешип жатабыз”, - деди ал.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн