Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 01:02
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Баткенде диний экстремизмдин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

17.11.2022 14:50
1025
Баткенде диний экстремизмдин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө


Учурда Баткен облусунун аймагында “Экстремист” аталыштагы алдын алуу иш-чаралары өтүп жатат. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.


Анын жүрүшүндө Баткен ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери Баткен облусунун аймагындагы медреселерге, жогорку окуу жайларга, мектептерге барышып, экстремизм менен терроризмге каршы аракеттенүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, маалыматтарды беришти.


Бул иш-чаранын негизги максаты жарандарга ислам дининин баалуулуктарын сактоо, диний кастыкты козутуучу чакырыктарга бөгөт коюу, интернет айдыңындагы диний экстремизмге жана терроризмге байланыштуу туура эмес маалыматтарды жайылтууда мыйзам тарабынан коюлган жоопкерчиликтерди жеткирүү болуп саналат. Бул багыттарда милиция кызматкерлери туура маалыматтарды жеткиришип, Интернет тармактары аркылуу ар кандай диний экстремисттик, террористтик топторго азгырылып кетпөөнү эскертишип, жаштарды туура жолго үндөп, мыйзам бардыгына бирдей экендигин, мыйзамсыз иш-аракеттер үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын билдиришти.


 Мындай жыйындар Баткен облусунун бардык райондорундагы, шаарларындагы ар бир медреседе, окуу жайларда жогорку деңгээлде өтүп жатат. Жыйындын жүрүшүндө студенттер, мектеп окуучулары кызыккан суроолорун беришип, жоопторун алышты.


Баткен ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери ар дайым жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, казыятын кызматкерлери менен биргеликте алдын алуу иш-чараларын тынбай жүргүзүп келишүүдө.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн