Бугу 04, 2024
Убакыт: 05:31
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Баткенде дыйкандар күйүүчү майды канча сомго арзан ала алышат?

24.02.2021 17:08
3661
Баткенде дыйкандар күйүүчү майды канча сомго арзан ала алышат?


Дыйкандар күйүүчү майды арзандатылган баада ала алат. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги менен Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясы айылдык товар өндүрүүчүлөргө, сезондук талаачылык жумуштарын жүргүзүүдө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, өз ара кызматташуу тууралуу келишимге кол коюшкан.

Ага ылайык, айыл чарба субьекттери күйүүчү майды 2 сомдун тегерегинде арзандатылган баада сатып алса болот. Күйүүчү май сатып алууну каалаган жарандар жергиликтүү бийлик органдарына тапшырык калтыруусу керек. Күйүүчү майлар “Газпром нефть Азия”, “Партнер Нефть” май куюучу жайларынан берилет.

Белгилей кетсек, Баткен облусунда 2021-жылы жазгы талаа жумуштарын өз убагында жана уюшкандыкта өткөрүү максатында ыйгарым укуктуу өкүлдүн буйругу чыгып, пандемияга байланыштуу азык-түлүк коопсуздугунун алдын алуу, азык-түлүккө болгон бааларды турукташтыруу максатында айдоо аянттарын кеңейтүү, негизги керектелүүчү айыл чарба продукцияларын өндүрүү менен көлөмүн өстүрүүнү колго алуу, жер-жерлерде дыйкандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча тапшырмалар берилген.

Учурда жер семирткич, үрөндөр, жергиликтүү базарларда сатылууда.

Баткен облусунда 2021-жылдын түшүмү үчүн жаздык жана күздүк себилүүдө, 30501 гектар жерге кылкандуу дан эгиндерин себүү пландалган.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Нозимжон Жумабаев
2 сом эмес жагы арзанрак кылса жакшы болмок