Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 20:19
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Баткенде элдик кошуун аткезчилик менен ташылган 5 "Спринтер" жүзүмдү кармады

06.10.2021 14:37
3372
Баткенде элдик кошуун аткезчилик менен ташылган 5 "Спринтер"  жүзүмдү кармады

Бүгүн, 6-октябрда түнкү саат 24:00 чамасында Баткен районунун Самаркандек жана Ак-Татыр айыл өкмөтү тараптан аткезчилик жол менен ташылып бара жаткан жүзүмдөр кармалды. Бул тууралуу "Турмуш" басылмасы билдирди.


«Самаркандек» чек ара заставасынын башчысы Чыңгызхан Насырбаевдин айтымында, жүзүм ташып бара жаткан «Мерседес Спиринтер» үлгүсүндөгү 5 унаа элдик кошуун тарабынан кармалды. Дагы оор жүк ташуучу 2 унаа элдик кошуун менен «Самаркандек» чек ара заставасынын кызматкерлери менен биргеликте кармалды. Унааларда жалпы 20 тоннадан ашык жүзүм бар экендиги аныкталды.




Учурда аткезчиликке каршы күрөшүү катуу жүрүп, «Самаркандек» заставасынын аймагына 5 пост коюлган. Тажик тараптын куралдуу кол салуусунан кийин элдик кошуун түзүлүп, алар Тажикстандан Кыргызстанга же Кыргызстандан Тажикстанга аткезчилик жол менен ташылып жаткан жүктөрдү кармоону колго алышкан. Түнү кармалган 7 оор жүк ташуучу унаадагы жүзүмдөр «Самаркандек» чек ара заставасына киргизилди.


Элдик кошуундун өкүлдөрүнүн айтымында, бүгүнкү күнгө чейин алар 20дан ашык аткезчилик фактысын аныктап, тиешелүү органдарга өткөрүп беришкен.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн