Бугу 18, 2024
Убакыт: 22:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Баткенде эскертүү алган коомдук тамактануучу жайлар жабылды

17.09.2020 14:25
1101
Баткенде эскертүү алган коомдук тамактануучу жайлар жабылды


Баткен шаарында бир нече жолу эскертүү алган коомдук тамактануучу жайлар жабылды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти. 


Маалыматка караганда, Баткен облусунда рейддик иш-чаралар уланууда. Жергиликтүү бийлик, санэпид көзөмөлдөө борбору жана ветеринария кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн рейддин негизинде коомдук транспорттор, тамактануучу жана эт сатуучу жайлардын санитардык абалы текшерүүгө алынды.  


Буга чейин  түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүү берилгенине карабастан бир катар коомдук тамактануучу жайларда санитардык талаптар аткарылбагандыктан, талапка жооп бербеген коомдук тамактануучу жайлар жабылды.


Рейддин жыйынтыгында жалпысынан 14  протокол түзүлүп, 50 миң сом айып пул салынды. Мындай рейддик иш-чаралар күн сайын жер-жерлерде уюштурулуп, көзөмөл күчөтүлүүдө.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн