Жетинин айы 14, 2025
Убакыт: 15:06
USD
87.30
87.80
EUR
101.40
102.40
RUB
1.075
1.105

Баткенде ири айыл чарба жарманкеси өтүүдө

14.11.2025 13:09
20
Баткенде ири айыл чарба жарманкеси өтүүдө


Бүгүн Баткен районунда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин колдоосу менен ири айыл чарба жарманкеси өтүп жатат. 


Ведомстводон маалымдашкандай, жарманкенин негизги максаты — калкты жеткиликтүү жана сапаттуу азык-түлүк менен камсыз кылуу, ошондой эле жергиликтүү фермерлерге өз продукцияларын түз сатууга шарт түзүү. 


Иш-чарада айыл чарбасына тиешелүү товарлар кеңири ассортиментте базар баасынан бир топ төмөн баада сунушталууда. Мисалы, уй эти 640 сомдон сатылууда.


Мындан тышкары, жарманкеде ун, буудай, кумшекер, жашылча-жемиштер, кургатылган жана кайра иштетилген азыктар арзандатылган баада сатылууда.


Министрлик мындай жарманкелер кышкы мезгилге даярдык жана баанын турукташуусун камсыздоо максатында өлкөнүн бардык аймактарында уюштуруларын белгилейт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн