Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 11:22
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Баткенде издөөдө жүргөн жаран Ош шаарынан кармалды

23.05.2023 19:20
871
Баткенде издөөдө жүргөн жаран Ош шаарынан кармалды

Баткенде издөөдө жүргөн жаран Ош шаарынан кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.



Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн, Баткен шаарынын ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө тобунун кызматкерлери ден соолукка оор залал келтирүү боюнча кылмышка шектелип, издөөдө жүргөн жаранды кармашты.


Маалым болгондой, Баткен шаарынын 27 жаштагы тургуну М.уулу З. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодекснин 130-беренесинин 1-бөлүмү (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен айыпталып, издөөдө жүргөн. Ал изин жашырып Ош шаарында жүргөн жеринен кармалды. Азыркы учурда Баткен РИИБдин убактылуу кароочу жайына киргизилди.

Бул кылмыш иши азыркы учурда соттук кароого өткөрүлүп берилди.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн