Бүгүн, 14-сентябрда Баткенде белгисиз адамдын жансыз денеси каналдан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Бүгүн ӨКМге саат 07:50 чамасында Кадамжай району, Марказ а/а Жайылма каналында болжол менен 40-45 жаштагы эркек кишинин (аты-жөнү такталууда) жансыз денеси жаткандыгы тууралуу 102 кызматынан маалымат келип түшкөн.
Жерине Кадамжай райондук №76 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылып, жансыз денени суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн