Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 17:15
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Баткенде көчмө урна аркылуу добуш берүү жүрүп жатат

09.01.2021 13:07
736
Баткенде көчмө урна аркылуу добуш берүү жүрүп жатат

Бүгүн, 9-январда Баткен облусунда ден соолугуна байланыштуу шайлоо участкасына бара албай турган 883 жаран көчмө урна аркылуу добуш берүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алар буга чейин, көчмө урна аркылуу добуш берүү үчүн, шайлоо участкасына арыз менен кайрылган жарандар болуп эсептелет.

Облустун шайлоо участкалары, КРнын президентине мөөнөтүнөн мурда өтүүчү шайлоого жана КРнын мамлекеттик башкаруу формасын тандоо боюнча боло турган элдик референдумга даяр.

Шайлоочулардын жалпы саны облуста 297264 түздү. Ошондой эле 217 шайлоо участкасы даярдалды. Шайлоо участкаларын үзгүлтүксүз электр энегриясы менен камсыз кылуу максатында электр генераторлору менен камсыздалды. Ошондой эле жылуулук менен камсыз кылуу үчүн шарттар түзүлдү.

Облустагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу шайлоо участкаларында санитардык нормаларды сактоо үчүн коргонуучу каражаттар жана дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздалды.

Жалпысынан коомдук коопсуздукту камсыз кылууга облус боюнча 880 милиция кызматкерлери тартылды. Ошондой эле 545 адамдан турган элдик кошундар түзүлдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн