Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 05:03
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Баткенде милиция кызматкерлери дин кызматкерлери менен биргеликте ысырапкерчилик боюнча түшүндүрүү иштерин улантууда

16.03.2022 11:12
852
Баткенде милиция кызматкерлери дин кызматкерлери менен биргеликте ысырапкерчилик боюнча түшүндүрүү иштерин улантууда

Баткен РИИБнин начальниги Самаркандек айылында ысырапкерчилик боюнча эл менен жолукту.  Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.


Баткен РИИБнин начальниги милициянын полковниги Алмазбек Шагамурзаев район акими У.Жоробаев жана казыят кызматкерлеринин өкүлдөрү менен биргеликте Баткен районунун Самаркандек айылындагы жергиликтүү тургундар менен жолугуп, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровтун каада-салт, үрп-адаттарды колдонуудагы ысырапкерчиликти жоюу боюнча чыгарган Жарлыгын жеткирип, түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Ошондой эле жол коопсуздугу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери айыл жергесиндеги жол эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.


Мындан сырткары Баткен РИИБнин Көк-Таш айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери “Укук тартип” аталышындагы комплектүү рейддик иш-чара өткөрүп, мектептерге жакын жайгашкан дүкөндөргө спирттик ичимдиктерди, ден соолукка терс таасирин берген тамеки нас, энергетикалык буюмдарды сатпоо боюнча түшүндүрүп, эскертүү баракчаларын берди. Жергиликтүү тургундарды мал-жандыкка сак болууга, үй-бүлөлүк зордук зомбулукту болтурбоого чакырды.


Көк-Таш айылдык милиция бөлүмчөсү “Укук тартип” иш-чарасынын 1 күндүк жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 85-беренеси (тамеки заттарын сатуу жанан жүгүртүү тартибин бузуу) менен 4 протокол түзүлүп, айып пулдар салынды.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн