Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 16:56
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Баткенде милиция мамлекеттик тил күнүнө карата иш-чара өткөрдү

23.09.2021 08:38
754
Баткенде милиция мамлекеттик тил күнүнө карата иш-чара өткөрдү

23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү. Бул маанилүү күндү Баткен Облусунун ички иштер органынын кызматкерлери да белгилешүүдө.


Тил күнүнө карата атайын милиция кызматкерлери менен мугалимдер биргеликте аталган датаны утурлай иш чара өткөрүштү.Тил күнүнө арналган саамалыктын жүрүшүндө Мамлекеттик тилде эркин сүйлөө жана аны турмушта колдонуу, эне тилдин келечеги үчүн кам көрүү зарылдыгы айтылды.


Ошондой эле мамлекеттик тилдик тилди даңктоо жана сыйлоо максатында Баткен облусундагы шаардык жана Райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери мамлекеттик тил күнүнө карата көркөм окуу иш чаралары да болуп өттү.


Мамлекеттик тилде сүйлөө - ар бир кыргыз жараны үчүн бийик даражага ээ, өзгөчө терең көңүл буруп, мыкты билүүбүз ыйык милдет.Аны менен катар мамлекеттик тилибиздин өнүгүп өсүшүнө кайдыгер карабай патриоттук сезимдерди Мамлекеттик тилди өнүктүрүү менен бирге алып жүрүү – бул чоң сыймык.  



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн