Бугу 19, 2024
Убакыт: 07:13
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Баткенде милициянын демилгеси менен өспүрүмдөргө интеллектуалдык оюун уюштурулду

26.08.2021 16:32
644
Баткенде милициянын демилгеси менен өспүрүмдөргө интеллектуалдык оюун уюштурулду


    Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагына караштуу Кара-Бак айылында “Тынчтык демилгелери” коомдук бирикмесинин каржылоосунда, Кара-Бак аймактык милиция бөлүмчөсүнүн жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы демилге көтөрүп жаштар арасында оюн уюштурду. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы кабарлады.

 

  Милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жаш өспүрүмдөрдүн укугун, эркиндигин, өмүрүн жана ден-соолугун коргоо максатында “Кыргызстандагы коомчулуктун биримдигине арналган жаштардын кампаниясы” аттуу долбоорунун алкагында жаштардын арасында тынчтык куруу боюнча баарлашуу, кыргыз жаранынын концепсиясынын идеясын жайылтуу, жаштарды ынтымыкка жана биримдикке чакыруу, ошондой эле билим алуусуна болгон кызыгуусун өрчүтүү, мыйзамдарды сыйлоо, коопсуздукту сактоого көмөктөшүү тууралуу маселелерди сүйлөшүү боюнча атайын жаштардын арасында интелектуалдык оюндарды уюштурулду. Анда интеллектуалдык оюнда 5 команда (30 окуучу) катышып, 15 ата-эне жана 10 мугалим, 47 окуучу күбө болду. Оюндун жүрүшүндө жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору кылмыштуулуктун алдын алуу, зордук-зомбулукка каршы түшүндүрүү иштерин, ошондой эле окуучулардын окууга болгон кызыгуусун арттыруу, адеп-ахлак жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүздү.


       2021-жылдын 7 ай ичинде бул аймакта жаш өспүрүмдөр тарабынан 7кылмыш катталып, бети ачылган.


   

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн