Бүгүн, 19-апрелде Баткен районунда «Ас Сафа Коомдук» фонд тарабынан Рамазан айынын урматына социалдык шаарчанын жашоочуларына азык-түлүк таратылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылма билдирди.
Аталган аймакка, фонд тарабынан жардам берилип турат.
Аталган социалдык шаарчаны куруу үчүн Кувейт өлкөсүнүн «Ас-Сафа борбору» коомдук бирикмеси тарабынан 103 миллион сом бөлүнгөн. Ал эми Баткен мэриясы үй курууга 3,5 гектар жер бөлүп берген. Турак үйлөр 2019-жылдын 5-октябрында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн