Бугу 06, 2024
Убакыт: 06:11
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Баткенде облустук милициянын башчысынын орун басарынын өлүмүнө шектүү жаран кармалды

27.03.2022 19:54
947
Баткенде облустук милициянын башчысынын орун басарынын өлүмүнө шектүү жаран кармалды

Бүгүн, 27-мартьа Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басарынын өлүмүнө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы кабарлады.


2022-жылдын 27-март күнү саат 11.17лер чамасында Баткен ОИИБнын нөөмөт бөлүмчөсүнүн 102 номерине Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө көкүрөгүнөн жараат алып, 1974-жылы туулган М.А.нин каза болгондугу боюнча маалымат келип түшөт.

      Баткен ОИИБнын ыкчам тергөө кызматы менен биргеликте Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов аталган жерге барып окуяны такташат. Аталган жерге барып, Баткен ОИИБнын начальнигинин орун басары милициянын подполковниги А.М.дин жансыз денесин белгисиз атуулдар “Honda Odyssey” үлгүсүндөгү автоунаада жандандыруу бөлүмүнө таштап кетишкендигин билдиришкен.

       Бул факты Баткен ШИИБне Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталып сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

      Териштирүү иштеринин жүрүшүндө мурда бир нече жолу жолу соттолуп, жакында кылмыш жазасынан бошоп келген Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын 34 жаштагы тургуну Н.С. маркум М.Анын жээни учтуу нерсе менен көкүрөк тушуна сайгандыгы аныкталды.

Баткен ОИИБнын жана Баткен район-шаардык ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам-тергөө тобу түзүлүп, кылмыштын изи сууй электе Кадамжай шаарынын Пульгон айылынан кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында изин жашырып жүргөн жеринен 34жаштагы Н.С. жана анын кылмыштуу шериктери кармалды.

   

   Азыркы күндө алынган учтуу зат боюнча экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн