Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:44
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Баткенде обсервацияда жаткандарга дымдама берилүүдө (фото)

03.06.2020 16:52
1604
Баткенде обсервацияда жаткандарга дымдама берилүүдө (фото)

Өзгөчө кырдаал жарыялангандан бери Баткен шаары жана Баткен району боюнча обсервацияга алынгандарды Көркөм сүрөт жатак мектебине, медреселер жана жатак мектептерге жайгаштырылган. Аларга жууркан жана тамак-аш жеткирүү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тапшырмасы менен аталган министрликтин Баткен району жана шаары боюнча бөлүмүнө жүктөлгөн. Аларды 500дөй адамды тейлешкендигин министрликтин Баткен райондук жана шаардык бөлүмүнүн башчысы Туратбек Турдуев билдиргенин Баткен Медиа борбору кабарлады.


“Ал эми обсервацияда жаткан ар бир жаранга эрте менен женил тамак (сухой поек) түштөнүүгө жана кечкиге ысык тамак берилип жатат. Абсервацияга жаткандардын ичинде боюнда бар аялдар жана кары-картандар да бар. Гигиенаны сактоо үчүн ар бир жерге көчмө мончо уюштурулууда. Ар бир жаранга мончого керектүү нерселер салынган гигиеналык баштыкча берилет”, - деп айтылат аталган маалыматта. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн