Бугу 06, 2024
Убакыт: 11:51
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Баткенде октон жаракат алган өспүрүм балага дагы операция жасалат

08.08.2022 13:28
463
Баткенде октон жаракат алган өспүрүм балага дагы операция жасалат

Баткен облусунда октон жаракат алган өспүрүм балага операция жасалат. Бул тууралуу дарыгер Икрамидин Зулпукаров билдирди.


Маалыматка ылайык, 2014-жылы туулган өспүрүм Баткен облусттук аймактык ооруканасына 7-августта түшкөн. 


Зулпукаровдун айтымында, болжолдуу түрдө Калашников үлгүсүндөгү автоматтын огу жабырлануучунун ичинин өйдө тарабынан кирип, белинен чыгып кеткен. 


“Өспүрүм бейтапкананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, эс учун жоготкон жок. Травматолог жана хирургдардан түзүлгөн консилиумдун чечимине ылайык, өспүрүмгө алгачкы операция жасалган. Алдыда хирургдар диагностикалык операция жасоого камынышууда”, - деди Зулпукаров.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн