Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 05:55
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Баткенде өрттөнүп кеткен мектептин ордуна жаңы мектеп курулат

22.12.2020 18:25
6407
Баткенде өрттөнүп кеткен мектептин ордуна жаңы мектеп курулат

Баткен районунда өрттөнүп кеткен мектептин ордуна жаңы мектеп курулат. Бул тууралуу Баткен облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Өмүрзак Анарбаев билдирди.


Анын айтымында, бүгүнкү күндө калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.


"100 орундуу мектеп жеңил курулуш системасы менен курулат. Өкмөт баштапкы этапка 500 миң сом бөлөт.  Кийин дагы акча келет.

Долбоордун сметалык баасы 8 миллион 470 миң сомду түзөт. Бүгүнкү күндө аймакта эски окуу жайлардын ордуна 30 жаңы билим берүү мекемелерин куруу керек ", - деди ал.


Эске салсак, быйыл күзүндө Баткендеги Чоң-Талаа айылынын мектеби толугу менен өрттөнүп кеткен эле.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн