Чын курандын 15, 2025
Убакыт: 13:16
USD
87.40
87.80
EUR
98.80
99.80
RUB
1.035
1.085

Баткенде рейддин жүрүшүндө буюм уурдаган өспүрүмдөр аныкталды

16.02.2022 17:09
508
Баткенде рейддин жүрүшүндө буюм уурдаган өспүрүмдөр аныкталды

"Ууру" рейддик иш-чарасынын негизинде жаш өспүрүмдөр кармалды. Бул тууралуу  Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.


     Баткен шаарында жайгашкан соода түйүндөрүнөн 2022-жылдын 14-февраль түнү белгисиз адамдар тарабынан сатыкта турган кийим-кечелер уурдалгандыгы боюнча Баткен ШИИБне 3 арыз келип катталат.


     "Ууру" рейддик иш-чарасынын жүрүшүндө Баткен ШИИБнин кылмыш иликтөө тобунун кызматкерлери тарабынан Баткен районунун Чоң-Талаа, Кара-Бак,  Айгүл-Таш,  Согмент айылдарынын тургундары аныкталып кармалды.

   

  Тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалган жарандар жаш өспүрүм экендиги аныкталып, уурдалган буюмдардын жалпы чыгымы такталууда. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн