Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 21:16
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Баткенде селден кийин электр энергиясы калыбына келтирилди

27.07.2020 16:14
1306
Баткенде селден кийин электр энергиясы калыбына келтирилди


Баткен облусунда селден кийинки калыбына келтирүү жумуштары жүрүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматк ылайык, 26-июль күнү Баткен районунун Кыштут,Суу-Башы, Кара-Булак айыл аймактарында, Кадамжай районунун Көтөрмө, Орозбеков айыл аймактарында мөндүр аралаш жааган катуу жаандын кесепетинен сел жүргөн. Сел суулары негизинен сайларда жүргөн, айрым жерлерде ички жолдорго, эгин талааларга зыянын тийгизген.


Тийиштүү кызматтар тарабынан селдин кесепеттерин жоюу аракеттери жүрүп, жол каттамы, сугат суу, электр энергиясы калыбына келтирилди. Учурда селден улам келтирилген зыяндарды тактоо боюнча жарандык коргонуу кызматтары иш алып барууда.  

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн