Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 16:40
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Баткенде селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө (фото)

08.07.2021 12:44
765
Баткенде селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө (фото)



Баткен району, 6-июль жааган жаандын кесепетинен суунун денгээли көтөрүлүп, Согмент, Газ жана Кара-Булак айылындарында турак үйдүн короолоруна сел суулары кирип, ички чарбалык унаа жолдун сел суулары кум шагылга толтурулуп, 2 көпүрө бузулуп кеткен жана 3 га эгин талаары сел суулары каптаган, сай боюнда жайгашкан 47 турак үйгө кооптуу абалга келип, анын ичинен 6 турак үйдүн ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, убактылуу коопсуз тилкеге көчүрүү жагы жергиликтүү бийликке сунушталды. Ошондой эле сел жүрүүчү сайга орнотулган 2 даана ички чарбалык көпүрөлөрдү сел агызып кеткен


Бүгүн селдин кесепеттерин жоюу үчүн жерине КР ӨКМнин 15 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 40 адам, а/а 1 жүктөгүч, 1 экскаватор тартылган. 

Селдин кесепетин тактап, кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында жүргүзүү максатында Баткен РМАнын башчысы-акимдин буйругу менен Газ жана Согмент айылдарына “Өзгөчө кырдаал” режими киргизилген. 


КАДАМЖАЙ районундагы кырдаал боюнча маалымат:

6-июль күнү жааган жаандын кесепетинен Охна сайында суунун денгээли көтөрүлүп, Орозбеков а/а, Охна сайынын 7500 м жээктеринин кээ бир жерлерин сел бузуп, Гараж, Кулду, Жоогесек, Бостон тилкелеринде Охна сайынан өтүүчү темир бетон шакекче менен курулган 6 даана ички чарбалык көпүрөнү бузуп кеткен, 230 м ички чарбалык жолду, 170 м ички арыктарды кум шагылга толтурган.

Кудук айылында 4 турак үйдүн королоорун сел суулары каптаган.


Бүгүн жерине тазалоо жана суунун жээктерин бекемдөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча регионалдык департаментинен 2 бульдозер, Орозбеков а/а 1 жүктөгүч, жергиликтүү тургундардан 12 адам тартылган. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн