Лейлек районуна (Баткен) караштуу Арка-2 кыштагында снаряд жарылып, 12 жаштагы кыз менен энеси ооруканага түштү. Бул туурасында Чек ара кызматынан кабарлашты.
Алдын ала берилген маалыматта боюнча, жарылуунун себеби А.Н. аттуу аял эски курулуш материалдарынын арасынан тапкан аныкталбаган жарылгыч зат (снаряд) болгон.
"Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, үй ээси бастырманын астындагы эски курулуш материалдар менен темир буюмдарды жыйнап жатып, белгисиз жарылгыч зат (снаряд) таап алып, ал жарылып кеткен. Анын кесепетинен Н.А. жана андан алыс эмес турган 12 жашар кызы жаракат алышкан", — деп билдиришти аталган кызматтан.
Жабыркаган эне менен кызы учурда ооруканада, абалы туруктуу.
Жарылуу болгон жерди УКМКнын Чек ара кызматынын инженерлери дароо курчоого алышкан. Окуя болгон жерде бардык жагдайды аныктоо үчүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери комплекстүү тергөө иш-чараларын жүргүзүп жатканы айтылды.
УКМК чек ара аймагына жакын жайгашкан айылдардагы элди кыраакы болууга, шектүү буюмдарга тийбөөгө жана андай нерселерди таап алса, дароо тиешелүү тараптарга билдирүүгө чакырды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн