Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 06:25
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Баткенде тажик тарап Кыргызстандын ИИМ бөлүмүнө таш ыргыткан

24.09.2021 09:41
1689
Баткенде тажик тарап Кыргызстандын ИИМ бөлүмүнө таш ыргыткан

Баткен районунун Көк-Таш айылында Тажикстандын жарандары Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин имаратына таш ыргытты. Бул тууралуу Турмуш басылмасы өздүк булактарына таянып билдирди.


Маалыматка караганда, окуя 23-сентябрда болгон. Өз кезегинде тажик тарап Кыргызстандын жарандары Исфара районунун Сомониен аймагындагы жашоочулардын үйлөрүнө таш ыргытканын билдирди.


Кыргызстандын ИИМнин аскер бөлүгү Дахма тилкесинде жайгашкан. Саат 19:00гө карата жергиликтүү жашоочулардан эч ким жабыркаган жок. Ошондой эле кыргызстандыктардын турак жайы зыянга учураганы тууралуу маалымат түшкөн жок. Учурда абал туруктуу деп бааланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн