Баткенде экстремизмдин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери өткөрүлдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.
Баткен РИИБнин кызматкерлери тарабынан Кызыл-Бел айылындагы А.Масалиев атындагы орто мектепте ата-энелерге жана мектеп окуучуларына улуттар арасындагы кастыкты козутпоо, ынтымакты бекемдөө, диний экстремизм, терроризмдин алдын алуу, провокациялык чакырыктарга жол бербөө, ошондой эле жаңыдан өсүп келе жаткан жаштарга туура тарбия берүү багытында жыйналыш өткөрүлдү.
Мындай иш-чаралар Баткен РИИБнин милиция кызматкерлери тарабынан демилгеленип, жаш өспүрүмдөрдүн Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик, терорристтик уюмдарынын идеологиясына берилип кетпөөсү, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарга, эрте куракта никеге турууга мыйзам жол бербеши боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн