Бугу 04, 2024
Убакыт: 14:11
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Баткенде жаандын кесепетинен 18 бодо мал агып, жолдор жана көпүрөлөр жарактан чыкты

13.07.2020 10:05
1667
Баткенде жаандын кесепетинен 18 бодо мал агып, жолдор жана көпүрөлөр жарактан чыкты

 

Лейлек районунда  12-июль күнү саат 15:00 чамасында кыска мөөнөттүү жамгырдын кесепетинен 18  бодо мал агып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.


Маалыматка ылайык, Исфана шаарында 3 турак үйдүн ичине, 3 турак үйдүн жер төлөөсүнө,  короолоруна сел суулары кирген. Раухана тилкесинде 18 бодо малды агызып, Чимген, Мурза-Патча жана Бешбала айылдарында 2020-жылдын “ААжКЖ” иш мерчемдери менен курулган каналдардын жээктерин сел суулары жууп кеткен. Таза суу менен камсыз кылган таза суу түтүкчөлөрүнүн башкы суу бөлүштүргүчүнө сел суулары кирген. Чымген айылында жолго орнотулган 6 даана түтүкчөнү агызган.


Тогуз-Булак айыл аймагынын Тогуз-Булак айылында 2020-жылдын “ААжКЖ” иш мерчемдери менен курулган каналдын жээктерин жана Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 338-чакырымындагы көпүрөнүн сел тосмолорун сел суулары жууп агызып кеткен.


Ошондой эле Баткен районунун Кыштут айыл аймагында 2020-жылдын 12-июль күнү саат 19:00 чамасында кыска мөөнөттүү жамгырдын кесепетинен Кыштут айылында коктулардан келген суулар 7 турак үйдүн ичине жана короолоруна сел суулары кирген. Ички чарбалык унаа жолдорго,  арыктарга кум шагыл тотурган жана 1 ички чарбалык көпүрөнү сел суулары жууп кеткен. Ошондой эле Газ, Согмент айылдарындагы ички чарбалык унаа жолдорунун ар жерин сел суулары жууп кеткен.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн