Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 04:11
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Баткенде жабыркагандар үчүн убактылуу чатырлар тигилүүдө

03.10.2022 17:02
579
Баткенде жабыркагандар үчүн убактылуу чатырлар тигилүүдө


Баткен облусунда тажик тараптын куралдуу баскынчылыгынын натыйжасында жабыркаган жана талкаланган үйлөр курулуп бүткөнгө чейин жарандар үчүн атайын чатырлар тигилүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

“Меши менен кийизден жасалган жылуу чатырлар ысык-суукта бирдей температураны сактай алат жана ден соолукка зыяны жок. Чатырлар бүгүн Ак-Сай айылынын Капчыгай тилкесинде алгачкылардан болуп курулуп жатат”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасаган.

140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланган. Куралдуу кагылышуунун кесепетинен Баткен облусунун аймагында 600дөн ашуун турак жай жабыркаган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 62 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) шейит болуп, 198 киши жабыркаган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн