Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 12:40
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.855
0.885

Баткенде жеке менчикке берилип кеткен жер мамлекеттин менчигине кайтарылды

03.02.2022 16:30
965
Баткенде жеке менчикке берилип кеткен жер мамлекеттин менчигине кайтарылды

Баткен облустук прокуратурасы тарабынан КРнын Жер кодексинин талаптарын бузуу фактысы аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө Баткен шаарында жайгашкан 0,08 гектар жер тилкеси мыйзамсыз түзүлгөн келишимдин негизинде Б.А., аттуу жаранга жеке менчикке берилип кеткендиги такталган.


Облустук прокуратуранын сотко келтирген доо арызы менен 1 млн 880 миң сомдук жер тилкеси Баткен шаардык мэриясынын муниципалдык менчигине кайтарылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн