Бугу 08, 2024
Убакыт: 17:56
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Баткендеги үйлөрдүн курулушу 15 күндө аяктайт

24.04.2023 15:38
316
Баткендеги үйлөрдүн курулушу 15 күндө аяктайт

Баткен облусундагы чек арадагы куралдуу кагылышта жабыркаган турак үйлөрдүн курулушун 33 субподрядчы компания бөлүп алган. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.


Анын маалыматына караганда, алардын ичинен “Алмалуу Доор курулуш” фирмасы алган үйлөр мөөнөтүнөн кечигүүдө. Кечээ, аталган фирманын жумушчулары президент Садыр Жапаровго кайрылып, эмгек акыларын ала албай жатканын айтышкан.


Орунбеков окуя боюнча түшүндүрмө берип, Баткендеги үйлөрдүн курулушуна мамлекет акча каражатын өз убагында эле куруучу компанияларга бөлүп бергендигин билдирди.


"Субподрядчы 33 компаниянын ичинде, азыр сөз болуп, курулушу кечигип жаткан “Алмалуу Доор курулуш” компаниясы дагы кирген.


Мөөнөтүнүн кечигип жаткан себеби компания менен жумушчуларынын ортосунда түшүнбөстүк жаралган. Жетекчиси авто кырсыкка учурап, ага байланыштуу жумушчулар менен байланышка чыкпай калганын айткан. Ал учурда жумушчулар “бизди алдап кетти, эми эмгек акыбызды төлөбөй коюшу мүмкүн” деп шектенип, үйлөрдүн курулушун токтотуп салышкан.


Ошондон кийин “Алмалуу Доор курулуш” менен жумушчулардын ортосунда келишпестик жаралып, “акчабызды алдын-ала төлөп бер, болбосо жумушту улантпайбыз”,-деген талап коюшат. Компаниянын жетекчиси келишимде көрсөтүлгөн жалпы сумманын 10% бөлүгүн курулуш жумушу толук бүтүп, обьектилерди өткөрүп алгандан кийин төлөп берем дейт.


Натыйжада, субподрядчы “Алмалуу Доор курулуш” компаниясы жана жумушчуларынын түшүнбөстүгүнүн кесепетинен, курулушу иши кечигип келген. Калган 32 компания алган милдеттемелерин аткарып, үйлөрдү өз убагында ээлерине тапшырган.


Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев “Алмалуу Доор курулуш” субподрядчы компаниясынын жетекчисин жана президентке кайрылуу кылган жумушчу топтун өкүлү Өмүрбек Жусупбек уулун чакырып, эки тараптын бир пикирге келтирди. Чечилбей жаткан маселесине чекит коюлуп, алар кайра Баткенге барып, 15 күн ичинде курулушту толук аягына чыгарабыз деп убада кылышты", - деди Орунбеков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн