2023-жылдын 4-апрелинде «Кыргызалтындын» акционерлеринин жыйынында Нуртазин Жетыбаев директорлор кеңешинин курамына кабыл алынды. Бул тууралуу Economist.kg жазды.
Маалыматта Нуртазин Жетыбаев Фрунзе политехникалык институтун инженер-куруучу адистиги боюнча аяктаганы белгиленген.
2022-жылдын июнь айынан 2023-жылдын январына чейин Кыргызстандын Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигин жетектеген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн