Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 22:46
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Баткендик 10 абитуриент Томскидеги университетке бюджетке тапшыра алат

22.07.2021 14:19
379
Баткендик 10 абитуриент Томскидеги университетке бюджетке тапшыра алат

Баткен облусунун 10 абитуриенти Томск мамлекеттик архитектура жана курулуш университетине бюджеттик формада тапшыра алат. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.


Үстүбүздөгү жылдын июнь айында элчи Гүлнара-Клара Самат облус калкына колдоо көрсөтүү иш-чараларынын алкагында барган. Кийин элчилик тарабынан балдарга билим берүү маселеси иштелип чыккан.


"Баткендин 10 бүтүрүүчүсү Томскиден Кыргызстанда талап күч болгон инженердик-техникалык кесиптерге ээ боло алышат. Балдар бюджеттик формада окушат", — деп айтылат маалыматта.

Элчилик Баткендин жаш тургундары келечекте окуусун ийгиликтүү аяктап, Кыргызстандын архитектура жана курулуш тармагына салым кошот деп ишенет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн