Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 05:38
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Баткендик журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу Батмакан Жолболдуева кармалды

28.03.2022 11:00
1504
Баткендик журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу Батмакан Жолболдуева кармалды

Баткендик журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу Батмакан Жолболдуева кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы кабарлады.2022-жылдын 25-мартында Баткен шаарынын тургуну 1984-жылы туулган Арзыгүл Галымбетова Баткен ОИИБне келип “Батма-бат” ютуб каналында иштеген блогер кыз менин аброюма шек келтирип, жаман сөздөр менен каралап жатат деген таризде арыз менен кайрылган.

     Бул арыз Баткен ОИИБнын маалыматтардын электрондук журналына катталат.

     Ошол эле күнү тактап айтканда 25-март күнү арыздануучу чыр-чатактан соң, ден соолугу начарлап саат 20.00дөр чамасында Баткен облустук бириккен борбордук ооруканасынын неврология бөлүмүнө кайрылат. Арзыгүл Галымбетовага дарыгерлер жардам көрсөткөндүгүнө карабай ден соолугу начарлап, ошол эле түнү каза болуп калат.

Бул факты боюнча арыздануучунун арызынын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 127-беренеси (Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

     Тергөө иштеринин негизинде Баткен шаарынын тургуну 33 жаштагы тургуну Б.Ж. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

      Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.



Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Талант
Бул олум бварыбыздын башыбызда бар,бул АЛЛАХТАН болгон ажал,коркоктор жонле жала жапканды токтоткула,АЛЛАХТАН корккула уйат тапбаганынар ушул калдыбы
Айсалкын
Берки Роза Маманова дегенин дагы камаш керек. Экоолоп бечара кызды олтуруп тынышты. Роза Маманова такымын жеген кыйтыр неме экен. Мени олтургону жатышат деп алдын ала спектакль коюп, коомчулукету дурболонго салып, жоопкерчиликтен качып журот. Жалгандан эле мага Бурханов милиция жиберип, олтургону атат деп. Бурханов ошол катынды жок кылгысы келсе элге айпай эле качан эле тынчытып коймок го?