Бугу 12, 2024
Убакыт: 23:59
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Баткенге чогулган акчанын бир сому да коротула элек

29.07.2021 13:12
526
Баткенге чогулган акчанын бир сому да коротула элек

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан жабыркаган Баткендин тургундары үчүн элден чогулган акчанын бир бөлүгү Максат айылына таза суу чыгарууга жумшалат. Бул туурасында экономика жана финансы министринин орун басары Данияр Иманалиев парламентте билдирди.


Анын айтымында, элден которулган акча үчүн атайын ачылган эсепке 118 миллион сом түшкөн. Бирок учурда анын бир сому да сарптала элек.


"Бул маселени жергиликтүү бийлик тарабынан түзүлгөн комиссия карайт. Учурда Максат айылындагы таза сууну чыгаруу үчүн калыбына келтирүү иштерин аткаруу боюнча алгачкы табыштама келип түштү. Ага 12,8 миллион сом каралууда. Бүгүн-эртең чечим чыкса, каражат бөлүнөт", — деди Иманалиев.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн