Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 22:18
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Баткенге жардам катары 302 млн сом чогулду

30.09.2022 12:59
918
Баткенге жардам катары 302 млн сом чогулду

Баткенге жардам көрсөтүү үчүн ачылган эсепке 302 млн 992 миң 710 сом 60 тыйын түштү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.


Жалпы 3 миң 511 акча которуу болгон.


Белгилей кетсек, атайын эсеп Баткен облусунун калкын колдоо, ошондой эле абийирсиз жарандардын каржылык көз боемочулугуна бөгөт коюу максатында ачылган.


Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасаган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн