Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин соту кийинкиге жылдырылды. Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн, 17-январга белгиленген Алмазбек Атамбаевдин Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соту Жогорку соттун судьясы келбей калганына байланыштуу кийинкиге жылдырылды.
Кийинки соттук отурум кайсы күнгө белгиленгени азырынча белгисиз.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн