Бугу 11, 2024
Убакыт: 22:59
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Байкал көлү тунуктугун жоготууда

23.06.2020 19:56
1172
Байкал көлү тунуктугун жоготууда


Байкал көлү сууну тазалоочу чыпкалардын милдетин аткарган микроорганиздердин массалык кырылуусунан улам өзүнүн тунуктугун жогото баштады деп билдирди РЕН ТВ телеканалы. Көлдүн мындай кейиштүү абалга келүүсүн иркутскилик илимпоздор изилдөөгө алышкан. Чыпкалардын некрозго учуроосунун себептери азырынча тактала элек.

 

Эске салсак, дүйнөдөгү көлдөр арасында таза суунун запастары боюнча Байкал биринчи орунда (19%) турат. Ал планетадагы эң терең (1 642 м) көл деп эсептелет. Көлдүн үстүңкү жалпы аянты Бельгияныкына жана Нидерландыныкына барабар. Жээк линиясынын узундугу 2 000 км.

 

Байкал коронавирус пандемиясынан кийин Россиядагы ички туризмдин популярдуу багыттарынын бири болот деп айтылып жаткан. Ал эми толук кандуу туристтик сезон 1-июлда ачылаары күтүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн