Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 14:32
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Байтик баатырдын айкелин бул сүрөт менен тургузсак уят болбойбузбу? (сүрөт)

06.08.2022 12:42
3481
Байтик баатырдын айкелин бул сүрөт менен тургузсак уят болбойбузбу? (сүрөт)


Бул сүрөттөгү Байтик баатыр эмес, шылдың болобуз!

Бул сүрөт Василий Верешагиндин 1871-жылы Мюнхен шаарында элестүү тарткан сүрөтү. Сүрөт өтө чеберчиликте тартылган, эч айып жок. Бирок дал ушул сүрөттү айныксыз Байтик баатырдын сүрөтү деп "далилдеп", баатырдын 200 жылдыгына арналып курулчу айкелине, болгондо да Президент тарабынан каржыланып жаткан айкелге ушул сүрөттү негиз кылып алганга чечим чыгарышыптыр.

Өткөндө өкмөттө өткөн жыйында угуп, "Уят болосуңар!" десем, Президенттин кеңешчиси "Байтиктин чыныгы сүрөтү ушул деп" - айтпадыбы дешти. "Президенттин кеңешчиси туура эмес айткан токтоткула!" - деп айттым. Чындыгында бул Байтик баатырдын чыныгы сүрөтү эмес. Бетин карагыла. Славян элинин бет түзүлүшү. Кийими окшошсо да бети, чырымы, жашы окшошпойт!

Василий Верешагин 1867-69-жылдары Түркстан Генерал-губернатору Фон-Кауфмандын карамагына келип иштегени чын. Ал жылдары Чүй өрөөнүнө келгени да айныксыз чындык. Ал убакта Байтик баатыр 50 жашка да чыга элек мезгили болчу. Сүрөттө 70 тен ашкан кыргыздын бай аңчысы. Болгондо да славян түспөлдөшкөн!

Андыктан нак ушул сүрөттү Байтик баатыр деп, айкелди ушул турушунда тургузуу барып турган сабатсыздык! Сүрөт Чүйдө эмес, Мюнхен шаарында тартылган. Шылдың болобуз! Тез токтотолу!

Кыяс Молдокасымов, тарых илимдеринин доктору, профессор

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн