Бугу 04, 2024
Убакыт: 03:32
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Базар-Коргон–Арстанбап унаа жолун сел каптады (фото)

06.04.2020 13:03
890
Базар-Коргон–Арстанбап унаа жолун сел каптады (фото)


Базар-Коргон–Арстанбап унаа жолун сел каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, Базар-Коргон районунда 5-апрелден 6-апрелге караган түнү жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары, Могол айыл аймагындагы Базар-Коргон–Арстанбап унаа жолунун 44-45-чакырым аралыктарын жана Улаачы тилкесинде 3 турак үйдүн короолорун каптаган.


Сел жүргөн жерге ӨКМнын Базар-Коргон райондук бөлүм башчысы жана №50 жол тейлөө ишканасынан 1 грейдер, айыл аймак тарабынан 1 грейдер жана жергиликтүү тургундардан 12 адам тартылып, тазалоо иш-чаралары саат 11:40та  бүтүп, жол толук ачылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн